Мыйзамдагы ууру Илья Самсониянын айыбы угузулду

  14.05.13   14:53
 268

Бүгүн, 14-майда, Биринчи Май райондук сотунда прокурор 2012-жылы "Манас" аэропортунан колго түшүрүлгөн грузиялык мыйзамдагы ууру Илья Самсониянын айыбын угузду.

Самсония Кыргызстандын кылмыш жана жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Жазалма документ алып жүрүү" деген эки беренсине ылайык айыпталууда.

Ошондой эле процесс учурунда анын алыскы тууганы көрсөтмө берди. Ал Самсония анын үйүнө келген деген маалыматты четке кагып, ал 2008-жылы бир гана жолу келгендигин жана андан бери Самсонияны көрбөгөндүгүн айтты.

Эскерте кетсек, кийинки соттук отурум 16-майда, саат 10:00дө башталат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223951

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.