Япониялык жөө күлүк Сакота Норико өзүнүн 990-марафонун Ысык-Көлдө чуркап өттү

67 жаштагы жөө күлүк 42 км 195 метрлик дистанцияда коло байгеге ээ болду.
  14.05.13   14:58
 449

Өткөн дем алыш күндөрү, Ысык-Көлдө Кыргызстандын 2- эл аралык марафону болду. Тилекке каршы бул жолу биринчисинен айырмаланып байге фонду болгон жок. Стартка былтыркыдан эки эсе аз катышуучу болгондугунун да себеби, түшүнүктүү болсо керек. "Биз, бир топ уюмдарга, анын ичинен былтыркы демөөрчүлөрүбүзгө да кайрылдык. Бирок оң жооп ала алган жокпуз", - деп мелдештин уюштуруучусу Мелис Надыров түшүндүрдү. Бирок, ага карбастан марафонду өткөрүү чечими кабыл алынган. Конокторду жана катышуучуларды Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов, Кыргызстандагы Япониянын элчиси Такаюки Коикэ жана Улуттук олимпия комитетинин жана Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдор тосуп алышты.

Расмий бөлүгү бүткөндөн кийин мелдештин өзү башталды. Ага 11 мамлекеттен 400дөн ашуун жөө күлүктөр катышышты. Алардын арасында жөн эле сүйүүчүлөр да адистешкен күлүктөр да болду.

Ысык-Көлдүк марафон 67 жаштагы япониянын жараны Норико Сакото үчүн юбилейлик 990-марафон экен. Ал айымдар арасында финалга үчүнчү келип, коло байгени утуп алды. Финишке алгачкы болуп россиялык Татьяна Новосельцова келсе, экинчи болуп кыргызстандык Айсулуу Сулайманова жетти.

Мырзалар арасында атаандаштык абдан күч болду. Башында эле топтон төр күлүк кыргызстандык Александр Мох, Аман Момуналиев, россиялык Денис Багрев менен Юрий Бишаев бөлүнүп чыгышкан. Жыйынтыгында финишке алгачкы Денис Багрев келди, кийин Александр Мох жана үчүнчү Юрий Бишаев болду.

Андан тышкары кыска дистанцияларга атактуу хирург Сабырбек Жумабеков жана депутат Данияр Тербишалиев катышты.

"Биз бул марфондун жыл сайын өткөрүлүп турушуна бардык күч аракетибизди жумшайбыз. Жыл сайын, кетирген кемчиликтерибизди эске алып, эл аралык деңгээлге жеткирели деген ниетибиз бар", - деп уюштуруу тобу ишендирип кетти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223952

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.