Кеминде жол кырсыганан 3 адам жабыркап, бирөө каза болду

  14.05.13   15:14
 237

13-майда, түнкү саат 00.30дар чамасында Кеминде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун Кашкелең айылынын 29 жаштагы тургуну "Фольксваген Гольф-2" автоунаасын айдап келе жатып, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 86-чакырымынан автоунааны башкара албай калгандыктан бетон тосмону барып сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен автоунаанын айдоочусу жана эки жүргүнчү денесинен жарат алып. аймактык ооруканга жеткирилген. Ал эми 29 жаштагы дагы бир жүргүнчү оор жарат алгандыктан окуя катталган жерде жан берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223953

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.