Футбол: алгачкы жолу Кыргызстандан арбитр Конфедерация Кубогун тейлейт

  14.05.13   15:28
 259

Ушул жылы 16-30-июнга чейин Бразилияда өтө турган Конфедерация Кубогунун матчтарын кыргызстандык футбол боюнча калыс тейлейт.

Өзбекстандын футбол федерациясынын билдиргенинен караганда, Равшан Ирматов жетектеген ФИФА арбитрлер бригадасы Конфедерация Кубогунун матчтарын тейлегенге чакырылган. Ирматовдун жардамчылары катары Абдухамидулло Расулов жана кыргызстандык Бахадыр Кочкаров да чакырылды.

Конфедерация Кубогу-2013 ФИФАнын карамагында өткөн ойнотулуучу турнирлердин тогузунчусу. Анда , КОНМЕБОЛ, УЕФА, АФК, ОФК, КОНКАКАФ тиешелүү конфедерациялары өткөргөн ар бир алтынчы континенталдык чемпионаттардын жеңүүчүлөрү катышышат. Ошондой эле дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү жана мелдеш өткөрүлүп жаткан мамлекеттин командасы да катышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223957

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.