Ошто жолдорду ремонттоо майдын аягына чейин бүткөрүлөт

  14.05.13   15:42
 267

Оштун негизги жолдорун оңдоо иштери 25-майга чейин аяктайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Шаар жолдорун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Абдылдакуновун айтымында, 2013-жылы жергиликтүү бюджеттен жолдорду оңдоого 17 млн сом бөлүнгөн жана 94 чакырым жолду оңдоо пландалган.

"Учурда Масалиев проспекти, Петров, Ленин, Ташкент, Айни көчөлөрүнүн чуңкурчаларын толтуруу иштери жүрүп жатат. Ремонтко 60 жумушчу жана 15 даана атайын техника тартылган", - деди Абдылдакунов.

Ошондой эле Ошто Мамыров - Санкт-Петербург жана Осмонов - №27 көчөлөрүнүн кезилишине эки түстүү чырак орнотуу иши аяктады. Түстүү чырактар колдонууга берилип иштеп жаткандыгы маалым болду.

Ошодой эле учурда Исанов жана Петров көчөлөрүнүн кезилишине түстүү чырак орнотуу ишитери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223959

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.