MegaCom компаниясынын мамлекеттик пакетин аукционго коюшат

  14.05.13   15:48
 303

Өкмөт MegaCom компаниясынын 49 пайыз мамлекеттик акциясын парламент менен макулдашып аукционго коет. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда, парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Айбек Осмоналиев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө "Ата-Журт" фракциясынан депутат Марат Султанов өкмөттүн 2012-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетту вице-премьер Жоомарт Оторбаев эмес, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев келип бериши керектигин белгиледи.

Осмоналиев MegaCom компаниясынын 49 пайыз акциясын аукциондо сатуу адегенде парламентте карала турганын, депутаттардын макулдугун алгандан кийин гана чечим кабыл алынарын кошумчалады.

"Уюлдук оператордун 51 пайыз акциясы боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Биз азырынча бул үлүш кимге таандык экенин аныктай элекпиз",- дейт директор.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223960

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.