Үч жыл мурда Айчүрөк Иманалиеваны сабагандар кармалышты

2010-жылы ырчыны жана анын жолдошун үйүнүн жанынан үч киши ур-токмокко алышкан.
  14.05.13   15:55
 516

ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиеванын сабалгандыгы тууралуу кылмыш ишин илктеп бүтүрүштү. Бул тууралуу "ВБ"га укук коргоо органдарындагы маалымат булактары билдиришти.

Айчүрөк Иманалиева жана анын күйөөсү Таалай Жумабеков алгачкы жолу 2010-жылы эскертүү алышкан. Анда алардын Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун жанында токтотулуп турган "Мерседес-Бенц" маркасындагы унаасын белгисиз кылмышкерлер толугу менен талкалап кетишкен. Ошондон кийин бир жума өтүп, ырчыны жана анын жолдошун үйүнүн жанынан үч киши ур-токмокко алышкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, аны иликтөө ишин Бишкектин Биринчимай РИИБсинин эң мыкты из кубралары өз колдоруна алышкан.

Жабыркаган ырчы оперлерге өзүнүн болжолдуу душмандарын атаган. Милициялардын көңүлү кыргыз эстрадасындагы жылдыз айымдардын бирине көбүрөөк оогон. Анын атактуу болушуна Айчүрөк Иманалиева абдан көп күч аракетин жумшаган. Ошондо жаш ырчы кызга мамлекеттин экс-президенти Курманбек Бакиевдин жакындары, көбүн эсе Адыл Бакиев көз салган. Айчүрөк Иманалиева ырчынын мындай жүрүм-турумун ыймандыкка туура келбейт деп баалап, ал өз карьерасын кантип жасап жаткандыгын коомчулукка жайарын билдирген. Бардыгы ошондон кийин башталды. Коркутуулар артисттин өзүнө гана айтылбастан, анын жакындары жана балдарына да жолдоно баштаган.

Бакиевдердин бийлиги кулатылгандан кийин токтотулган кылмыш иши кайрадан иликтенген. Шектелип жаткандардан экөө кармалып, анын бири Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү 1985-жылы туулган Талантбек Ысманов жана 1988-жылы туулган Бауржан Карышкырбаев экени белгилүү болгон.

Бирок, ырчы айым, өзүнүн баштапкы доо-арызынан баш тарткан. Ал бул кадамын жакындарынын сактыгына кооптонгондугу менен түшүндүрдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223962

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.