Профилдик комитет Бишкектин эки районунун аталыштарын өзгөртүүнү колдойт

Бишкектин Свердлов районуна Чыңгыз Айтматовдун жана Биринчи Май районуна Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу сунушталууда.
  14.05.13   16:17
 275

Бүгүн, 14-майда, Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттинин отурумунда эл өкүлдөрү "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун карашты. Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү мыйзамга киргизилген өзгөртүү менен макул болушту.

Ага ылайык, Бишкектин Свердлов районуна Чыңгыз Айтматовдун жана Биринчи Май районуна Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу сунушталууда.

Мыйдам болдоорунун демилгечилеринин бири депутат Абдырахман Маматалиевдин айтымында, мындай өзгөртүү киргизүү кыргыздын улуу инсандарынын ысымын түбөлүккө сактап калуу макасатында жүрүп жатат.

Ал эми мэрия райондордун аттарын которуу үчүн каржылоо маселесин чечүү керек экендигин айтты.

Өкмөттүн өкүлү бул ишке карата бюджетте акча жок экендигин маалымдады.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзамдын долбоорун жактырып, колдоп беришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223963

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.