Россиянын Биринчи каналын ретрансляциялоо маселеси жакында чечилет

  14.05.13   16:19
 282

Кыргызстанда Россиянын Биринчи каналын ретрансляциялоону улантуу маселеси жакынкы күндөрдө чечилет. Бул тууралуу "ВБ"га президенттик аппараттан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, өкмөт президенттик администрацияга маселени чечиш үчүн кайрылды. Президенттик аппарат азырынча бул сунушка комментарий бербейт.

Эскерте кетсек, апрелдин башында өкмөт Россиянын Биринчи каналын ретрансляциялоо маселесин чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзгөн.

Марттын соңунда "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому Каржы министрлигинен Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитетинин бүтүмү менен "Биринчи канал. Кыргызстан" программасын каржылоо токтогону тууралуу расмий катты алган.

Буга чейин Биринчи каналды ретрансляция кылууга Россия тарап жардам берүүгө даяр экени да айтылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223964

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.