Бишкектеги экинчи лизинг форуму сомдун мааракесине арналат

  14.05.13   16:23
 348

24-майда Бишкекте экинчи лизинг форуму өтүп, ал улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгенинин 20 жылдыгына арналат. Иш-чаранын уюштуруучулары - Кыргызстандын Банктар Союзу менен Эл аралык каржы корпорациясы (IFC). Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 14-майда, Банктар Союзунан кабарлашты.

Бишкек лизинг форуму 22-24-майда боло турган масштабдуу "Айыл Агро" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн ишкер бөлүгү болмокчу. "Айыл Агронун" уюштуруучусу өкмөт жана "Росагромаш" ассоциациясы болуп эсептелет.

Форумдун алкаганда лизингди ишке ашыруу, айыл чарба техникаларын жеткирүү, Кыргызстанда лизинг операцияларындагы каржы- насыя мекемелеринин орду сыяктуу маселелер талкууланат.

Бишкек лизинг форуму-Кыргызстандагы лизингди өлкөнүн экономикасынын өнүгүү куралы катары караган жалгыз адистешкен иш-чара.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223966

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.