Дагы бир комитет өкмөттүн иши боюнча Оторбаевдин отчётун угуудан баш тартты

  14.05.13   16:41
 303

Бүгүн, 14-майда, Жогорку Кеңештин экономикалык жана финансылык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар доклатчы биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин тааныштыруусунда өкмөттүн 2012-жыл боюнча даярдаган отчётун угуудан баш тартышты.

Эл өкүлдөрү отчёт менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин келүүсүн талап кылып, аны кийинкиге калтырышты.

"Премьер-министрдин мындан башка деле иштери көп, бирок ал бардык маселелер боюнча кабардар",- деди Оторбаев.

Ошондой эле ал, өкмөттүн отчёту Жогорку Кеңештин бардык 14 комитетинде жана фракцияларында карала тургандыгына байланыштуу атайын график түзүлгөндүгүн айтты.

"Маселени парламенттин угуусуна алып чыгуу бир топ убакытты талап кылат. Эгерде отчётту кароону кийинкиге калтырсак, биз көп нерседен кечигип калбыз. Бүгүн тиешелүү жактар бардык суроолорго жооп берүүгө даяр", - деди Оторбаев.

Бирок депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосу менен маселе кийинкиге калтырылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223967

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.