Асылбек Жээнбеков: 2015-жылдагы шайлоодо биометрикалык паспорттор зарыл

  14.05.13   16:59
 279

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттин беш фракциясынын лидерлери Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев, Мыктыбек Абдылдаев жана Алтынбек Сулайманов бүгүн, 14-майда, өткөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынына катышышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

"Таза шайлоолор – мамлекетти туруктуу өнүктүрүүнүн өбөлгөсү" аттуу маселени талкуулоо учурунда төрага .Жээнбеков парламентке кезектеги шайлоонун ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылуу - азыркы учурдагы эң маанилүү саясий маселе экендигин белгиледи.

Кезектеги шайлоолордун ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн аткарылчу иш-чаралардын катарында төрага партиялар жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү талабын атады. "Шайлоо процессин толугу менен, шайлоочулардын тизмесинен тартып, шайлоонун жыйынтыгын эсептөөгө чейин ачык-айкын камсыз кылуу зарыл. Ал үчүн шайлоочуларды биометрикалык паспорттор, ал эми шайлоо комиссияларын заманбап техника менен камсыз кылууга муктажбыз. Мындай маанилүү ишке бийликтин баардык бутактары, коомчулук, шайлоочулар алдын ала даяр болгону зарыл. Ошондуктан, бул ишке даярдыкты азыртадан баштоо максатка ылайык", - деди А.Жээнбеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223970

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.