Эртең Пайзуллабек Рахмановдун иши боюнча сот отуруму болот

  14.05.13   17:00
 245

Эртеӊ, 15-майда, саат 10:00дө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Пайзуллабек Рахмановдун иши боюнча сот процесси болот. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдайт

Эскерте кетсек, Рахманов жөнүндөгү кылмыш иши 2013-жылдын 15-апрелинде Биринчи май райондук сотуна келип түшкөн. Кылмыш ишинин материалдарынан алганда, өкмөткө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер агенттигинин директору кызматындагы Пайзуллабек Рахманов Ош облусунун Ноокат районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган "Ноокатым менин ооматым" аттуу марафонун майрамдоого чакырылган. Рахманов жеке тарап катары чакырылгандыгына карабастан, ал өзүнүн кызматтык абалын колдонуп, Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер агенттигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директоруна өтүп жаткан марафондун эсебине 200 миӊ сом которуу тууралуу көрсөтмө берген.

Учурда Рахмановго карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызмат адамынын наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып алуу, массалык тартипсиздик, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча айып тагылууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223971

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.