Депутат Бел-Алма көмүр казуучу жайынын лицензиясын жокко чыгарууну талап кылды

  14.05.13   17:06
 275

"Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр казуучу жайынын лицензиясын жокко чыгаруусу керек". Мындай пикирин бүгүн, 14-майда, Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында "Республика" фракциясынан депутат Малик Осмонов билдирди.

Анын айтымында, көмүр казууда лицензиялык макулдашуунун шарттары аткарылбай жатат.

"Ал жердин көмүрүн казып бүтүрүштү. Силер болсо эч кандай көзөмөл жүргүзгөн жоксуңар. Бел-Алмада көмүрдүн кору калган жок. Андыктан лицензияны жокко чыгаруу керек", - деди депутат.

Ал эми Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директору Ишимбай Чунуев ал жердеги көмүрдүн кенинин кору канча экендигин билбей тургандыгын айтты.

"Биз көзөмөлдөп жатабыз, бирок отчёт ала элекпиз. Жаңы мыйзамга ылайын биз лицензияны жөн гана жокко чыгара албайбыз", - деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223972

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.