Темир Сариев: Биздин тегирменчилер импорттогу атаандаштыкка туруштук бере албайт

  14.05.13   17:27
 255

"Биздин тегирменчилер импорттогу атаандаштыкка туруштук бере албайт". Мындай пикирин бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Экономика жана финансы комитетинин жыйынында Экономика министри Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча ун өндүрүүчү ири ишканалардын саны 21, орто ишканалар 9 жана чакан ишканалар 3.

"Бул тармакта 12 миңге жакын адам эмгектенет. Биздин ун өндүрүүчү мекемелерибиз атаандаштыкка туруштук бере албайт. Улуттук статистика комитетинин берген маалыматына ылайык, жергиликтүү тегирменчилердин продукцияларын пайдалангандардын саны 49%ы түзөт. 2011-жылы 29%га чейин төмөндөгөн", - деди Сариев.

Ошондой эле ал, импорттолгон ундардын 95%дан жогорусу Казакстандан алынып келе тургандыгын айтты. "Казакстанда ундун өздүк наркы Кыргызстанга салыштырмалуу арзан", - деди Сариев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223973

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.