Оторбаев: Өкмөт АУБдун мурдагы акционерлери менен соттошууга даярданууда

  14.05.13   17:56
 268

Кыргыз өкмөтү "АзияУниверсалБанкынын" мурдагы акционерлери менен соттошууга даярданууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда, Жогорку Кеңештин Экономика жана финансы комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар, "АзияУниверсалБанкынын" мурдагы акционерлери эл аралык арбитраждык сотко арыз бергендиги тууралуу маалыматтар бар экендигин айтып, анын канчалык деңгээлде чындыкка жакын экендигин сурап кызыгышты.

Оторбаев ал маалыматты тастыктап, учурда өкмөт соттук териштирүүгө даярданып жаткандыгын айтты. "Бул иш боюнча биз адвокаттарды жалдадык", - деди ал.

Комитет төрагасы, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Карганбек Самаков – мындай учурда өкмөт АУБду мурдагы акционери "Промстройбанкка" берүү маселесин кароо керек экендигин айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223975

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.