Колунан кетмен-күрөгү түшпөгөн, китепти көз айнексиз окуган 93 жаштагы Акун ата

93түн тамагын ичип жаткан согуш ардагерин кепке тартып, Жеңиш майрамы менен куттуктадык. Акун ата туткунда калган оор күндөрүн айтып берди.
  15.05.13   09:08
 371

Эч ким, эч качан, эч нерсе унутулбайт! Демек, биз согуш ардагерлерин бир гана 9-Майда эмес, калган 364 күндө да эстеп, эскерип турууга милдеттүүбүз. Алар болбосо бул жашоого жетерибиз күмөн эле. Бизге ушундай тынч заманды алып келгендердин бири Кочкор районунун Көк-Жар айылында жашайт. Ибраев Акун ата 20 жашында согушка аттанып, 3 жыл туткунда жүрүп оор күндөрдү башынан өткөргөн. 93түн тамагын ичип жаткан согуш ардагерин кепке тартып, Жеңиш майрамы менен куттуктадык. Акун ата кан күйгөн согуш талаасын эскерип, тутукундагы тозоктуу күндөрүн айтып отурду...

Акун атаны айылдаштарынын баары сыйлап, алдынан кыя өтүшпөйт. Анткени пайдасынан башка зыяны жок бу киши Көк-Жар айылындагы жападан жалгыз согуш ардагери болуп саналат. Жашы 93кө келсе да баскан турганы 18 жаштагыдай тың. Атүгүл ушу күнгө чейин колунан чалгысын түшүрбөй чөп чаап, картөшкөнү өзү эле кетмендеп, күзүндө казып алат. Көзүнүн курчтугун мындан билиңиз, китеп, гезитти көз айнеги жок эле окуйт. Акун атаны кошуналары "Бу кишини концлагерде жүргөндө немистер бир кайнатып чий көбүгүн алып коюшкан. Ошондуктан баарына бышкан" деп тамашага салып калышат. Кичинекей балдарды көргөндө ичкен ашын таштай коюп, кубалашып ойноп кетүүдөн кайра тартпайт. Акун атанын жарым жашындагылар отурган жеринен онтоп туруп атканда а киши шак эле туруп жаштардын бетин кызартат. Согуш ардагеринин намазга жыгыла албай калганына эки эле жыл болгон. Болобосо өлүм-жетимдерде куран түшүрүп, намазын калтырбай окуп башкаларга үлгү болуп келген. Согуштан аман кайтып, ушунча жашка чыгышын кудайдын буйругу деп билет.

20 миңден 542 эле киши аман калдык...

1940-жылы 20 жашымда аскерге чакырылдым. Согушка Кочкор району боюнча биринчилерден болуп Алиев деген жоокер экөөбүз аттандык.1941-жылы февраль айында бизди Белоруссия фронтуна жөнөтүштү. Согуш отун мына ошол жерден кечтим. Немистер менен аесуз кармаштык. Жанымдагылар окко учуп, каршы-терши сулаганда кандан да коркпой калдым. Түн киргенине карабай кармаш уланып турду. Мен анда артиллериялык взводдо мээлегич болчумун. Немис танкаларынын жолун тосуп, душмандардын мизин кайтарууга болгон күч-аракетибизди жумшадык. Ошол учурда биздин артиллериялык взводго снаряд түшүп, курал-жарактарыбыздан кол жууп калдык. Өзүбүз аман калганга шүгүр кылдык. Душмандар күчтөнүп, бизди курчоого ала баштаганда Вязьма шаарын көздөй качып жөнөдүк. Смоленский токоюн бойлоп бараттык. Караңгы кирип, жол үрүл-бүрүл көрүнүп калган. Токтоп туруп айланабызды карсак танкалардын жарыктары чыга баштады. Көрсө немистердин чок ортосуна келип ккалыптырбыз. Түшүнбөй эле туруп калдык. Баягы немистер атып салат экен деп коркуп колго түшүп бердик. Бизди концлагерге алып барып тыгып салышты. Тирүүлөй кыйноо ошол жерден башталды. Тузу жок көк сорпо анан куштун тилиндей болгон нан беришет. Баарыбызды бит басып кеткен. Ачкачылыктан 20 миң кишиден 542 киши эле аман калыптырбыз. Орустар бири-биринин этин жегенге чейин барышты. Тирүү итти тытмалап жеген күндөрүбүз да болду.

Туткундан качып чыгып, орус кемпирге бала болдум...

Арадан 3 ай өтүп, бизди кайтаруу начарлап бараткан. Күүгүм кирип эшик тумандап калган кезде туткундан бир орус экөөбүз качып чыктык. Тиги экөөбүз коркконубуздан бир далай жерди жөө чуркап өттүк. Анан бир токойго туш болуп, 5-6 үй көрүндү. Ошентип четтеги бир сарайдын ичине кирип барып аштоонун алдына жашынып жаттык. Экөөбүз аябай бекем кучакташып алганбыз. Анткени качып кетет деп бири-бирибизге ишенбей жатканбыз. Ошол боюнча уктап калыптырбыз. Эртең менен бизди "ой, мамочка" деген ачуу айкырык чочутуп ойготту. Көзүбүздү ачсак орус кемпирдин жүрөгү түшүп жаныбызга кулап калыптыр. Экөөбүз баягы кемпирге "мамаша не бойся, мы свои" десек үйүнө алып кирип тамак берди. Кыздарына мончо жактырып, бизди мончого салды. Ошентип тигил орус аскерди немис аял, мени орус кемпир багып алды. Көрсө орус аялдын күйөөсү Кыргызстанга мурда келген экен. Ал бизге немистин паспортун алып берип, менин атымды Николай Михайлов деп өзгөрттү. Бул жердин тургундары немистерге баш ийип, алардын жарандыгын алышыптыр. Ошентип, кемпирдин баласы болуп жашап, жергиликтүү советтик партизандар менен бирге душмандар жөнүндөгү маалыматтарды биз тарапка жөнөтүп турдук.

Мекениме 56-жылы кайттым

Бизди немистер кармап алышты. Мени Франция менен Германиянын чек арасында дзот курдурууга салышты. Дзотторду куруп жатканда англичандар менен Американын аскерлери басып алышып, алардын туткуну болдук. Бирок алар советтик аскерлерди жакшы шартта кармашты. Үч маал ысык тамак берип, кийимдерибиз таза эле. Ал эми немистерге аябай кыйын болду. Немистик лагерде биз көргөн күндөр алардын башына түштү. Согуш аяктагандан кийин, 1946-жылы СССР менен америкалыктар туткундарды алмашканга чейин алардын колунда жүрдүк. Согуш бүткөндөн кийин Магаданга барып алтын комбинатында 10 жылдай иштедим. Ал жерден Галя деген орус аялга үйлөнүп, эки балалуу болдук. Кичүүсү чарчап калган. Ошентип жүрүп 1956-жылы мекениме кайтып келдим. Азыркы аялымдан 4 балам бар.

Пенсияны карап отурбай иштегиле!

Азыр өлкөбүз жакшы эле өнүгүп жатат. Жаштар чет тилдерди үйрөнүп, техниканы өздөштүрүп жатканы мени кубандырат. Болгону айрым жаштар ата-энесинин пенсиясын аңдып, ичкиликке берилип кетишти. Ичкиликтен колдон келишинче алыс болуш керек. Иштеген адам тиштейт да. Ар кимибиз өз ишибизди кылдыратып кыла берсек эле турмушубуз оңолот. Эң башкысы согуш болбосун. Биз көргөндү азыркы жаштар көрбөсө экен дейм.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223978

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.