Уман Иргебаев: Мен шок болуп турам, мени белгисиз балдар сабады

  15.05.13   08:41
 283

"Мен шок болуп турам, мени белгисиз мас балдар сабап кетишти", - деп бүгүн, 15 майда, Аламедин базарынын тушунда Курманжан Датка менен Жибек-Жолунун кесилишинде болуп өткөн инциденттин катышуучусу, кара "Мерседестин" (мамномуру В 9538 АD) айдоочусу Уман Иргебаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтуусу боюнча, ал азыр шок абалында жана эч нерсени түшүнбөй тарат: ким жабырлануучу жана ким инциденттин күнөөкөрү.

Эскерте кетсек, бул окуянын күбөлөрүнүн айтуусу боюнча, кара түстөгү "Мерседес" (мамномуру В 9538 АD) жөө кишини сүзүп кеткен. Айдоочу жана анын жүргүнчүлөрү унаадан түшүп, ал аялды сабай баштаган. Аны көргөн жаш балдар жабыркаганды коргоп башташкан. Ошентип уруш башталган. Бир аздан кийин ал жерге "Тайота-Серф" үлгүсүндөгү авто жетип келген. Эки автонун жүргүнчүлөрү менен кыздын коргоочуларынын урушу улана берген.

"Мерседестин" жүргүнчүлөрү Свердлов РИИБине жашынуу үчүн окуя болгон жерден качып кетишкен. Алардын сазайын берүү үчүн жардамга келген 30-40тай киши "Мерседестин" айнегин жана бамперин талкалап кетишкен.

Айрым мааламат боюнча, жол кырсыгынын күнөөкөрлөрү жабыр тартканга бүт чыгымын жаап берүүгө даярдыгын билдирген. Жабырлануучунун туугандары да Свердлов РИИБине келишкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223980

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.