ШИИБдин басма сөз кызматы инцидент учурунда алардын уйкусун бузбоону суранышты

  15.05.13   08:55
 308

Кечээ, 14-майдын кечинде Бишкекте эки улут өкүлдөрүнүн арасында массалык уруш болгон..

"ВБ"нын кабарчысы инцидент боюнча маалымат алыш үчүн ШИИБдин басма сөз кызматынын бир гана кызматкерине - Карина Аманкуловага гана чала алды. Бирок Аманкулова уктап жатканын айтып, болгон окуя үчүн аны кабатыр кылбай, аны ШИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитовго (анын телефону бул учурда өчүк болгон) кайрылуусун айткан.

Айта кетсек, басма сөз кызматкерлери өздөрү журналисттерден болгон окуя боюнча ар убакта кайрылууларын өтүнүшөт, анткени ар кандай туура эмес маалымат коомчулукка таркап кетиши мүмкүн.

"Түңкү экиде чалганга кантип дитиңер барды, эмне болуп кетиптир анчалык. Басма сөз кызматынын башчысына чалгыла" деп трубканы таштап койду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223981

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.