Бишкектин айрым райондорунда жана Кара-Балтада электр жарыгы өчүрүлөт

  15.05.13   09:07
 272

Бүгүн,15-майда, Бишкектин айрым райондорунда жана Кара-Балтада электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкекте саат 9-00дөн 17-00гө чейин Туюкская, Матыев көчөлөрүнүн барчаларында, Иртышский жана Лагерный кичи көчөлөрүндө; Строительная, Р.Люксенбург, Некрасов; Карпинский, Токтогул, Тыныстанов Ахунбаев көчөлөрүнүн барчаларында, чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысындагы Урицкий, М.Гвардия, Үч-Курганская, Ат-Башы; Кайназаров көчөсүндө, Шиш-Төбө кичи көчөсүндө, "Калыс Ордо", "Жеңиш" жаңы конуштарында, ошондой эле саат 9-30дан 17-00гө чейин 5-кичи районундагы №№72/1, 73, 79, 80-83 көп кабаттуу үйлөрдө, "Рухий-Мурас" конушунда электр энергия үзгүлтүккө учурайт.

Саат 14-00дөн 17-00гө чейин Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын (чыгыш тарабындагы өнөр жай зонасындагы №№ 14-17 көп кабаттуу үйлөрдө), саат 8-00дөн 17-00гө чейин Ново-Николаевка айылынын чыгыш тарабынын бир бөлүгүндө, ал эми саат 9-00дөн 12-00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын (Школьная, Веселая, Совхозная, Сельская, Түлөбердиев, Восточная, М.Гвардия, Больничная, Строительная көчөлөрүндө) электр жарыгы жок болот.

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы Бишкекте жана Чүй областындагы жогорку вольттогу "Константиновка", "Тепличная" көмөкчордондорунан тараган 6/10 кВ аба электр берүү чубалгыларын тарттыруу, өсүп кеткен бак-бутактарды кыркуу, аба электр берүү чубалгыларын реконструкциялоо, 0,4 кВ аба чубалгыларды тарттыруу, трансформаторлорду оңдоо иштерине байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223982

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.