Сириялык козголоңчу каза болгон өкмөт аскердин жүрөгүн сууруп, оозуна салган

  15.05.13   09:45
 260
 

Улуттар Уюму сынга алган интернеттеги тасмада сириялык козголоңчу каза болгон өкмөттүк аскердин жүрөгүн сууруп чыгып, кескилеп оозуна салганы көрсөтүлгөн.

Тасмадагы адам Хомс шаарынан чыккан Абу Саккар аттуу козголоңчу отряддын мүчөсү экени айтылат. Бул тасма интернетке жайгаштырылган соң шейшембиде, БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллей козголоңчулардын аракетин сындаган билдирүү таратты. Анда Пиллей тасмадагы аракетти "аскерий кылмыш" деп атап, сирия оппозициясын бул окуяны иликтөөгө жана адам укуктарын бузбоого чакырды.

Сириянын оппозиция өкүлдөрү бул окуя тез арада иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланат деп убада берди.

Булак: "Азаттык Үналгысы"

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223984

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.