Куру намыс, ойго салган 10 жылдык жана кашык менен чогултканды чөмүчтөп чачуу

Келаткан акыркы коңгуроо майрамыңар менен! Бирок ошол 25-майда акыркы тыйыныбызга чейин чачып салбайлы. Деги эле 10 жылдыктын эмне кереги бар?
  15.05.13   09:59

Эмнеге китептин акчасын эсептеп, шаан-шөкөттүкүн эсептебейбиз?

25-май жакындап мектепке тиешеси барлардын баары эле алапайын таппай чуркап жаткан кез. Бири башталгыч классты аяктап жатса, экинчиси 9ду же 11ди бүткөндөр, 5 жылдык, 10 жылдык, 20 жылдык жана башка жылдыктар. Тизмени уланта берсем кете берчүдөй. Кыскасын айтканда "кайгы жокто кайненем өлдү" дегендей эле шаан-шөкөттөр. Ушул мен айтып жаткан жылдыктардын баары оңбогондой акчаны талап кылат. 10 жылдык, 20 жылдык... Бир жагынан карасаң сонун эле нерсе. Ким эле майрамдаганды жаман көрсүн. Бирок маселеге реалдуу көз караш менен карап, тереңине үңүлсөк айта турчу сөз көп. Ошол эле ата-энелер баласына китепке же башка бир окуу куралына акча чогулта турган болсо эмнеге, эмне кереги бар деген суроолорду берип бир тыйын да чыгаргысы келбейт. Же эмне биз шаан-шөкөттү ушунча жакшы көрөбүзбү?

5 жылдыктарга эмне жок?

Кептин баары 5, 10, 20 жана башка жылдыктарда жатат. 20 жылдыкты өткөрсө болот. Анткени мектепти бүткөнүнө 20 жыл болгондор кадимкидей токтолуп, бутуна туруп, өз жашоосун тыңдап алган болот. Кыскасы ал жаштагы адамдарга зоок керек болуп калат. Билим алган мектебин сагынып деле калат. Ал эми мобу 5 жылдык өткөрөм дегендерге күйөм да. Элестетиңиз, мектепти бүткөнүнө 5 жыл болгон адам ашып кетсе 23кө чыгат. Алды үйлөнсө арты университетти жаңыдан аяктап жаткан учур да. Анан каяктагы шаан-шөкөт? Үйлөнгөндөр жашаялмет болуп жаңы тирлик болуп жатса баарынын эле жашоосу ойдогудай деп айтууга болбойт. Анүстүнө алган билими жок болсо каятагы айлык, кайдагы киреше булагы? Ал эми жогоку окуу жайды бүтүп жаткандар бул учурда диплом жазуу менен алек. Анан эле майрамды майдай жакшы көргөндөр элдин баарын дүрбөтүп 5 жылдык өткөрмөкчүбүз дешет экен. 5 жылдыктын балакетин алабызбы? 5 жылдык деп чамынгандарды көрүп алып, 10 жылдык өткөргөндөрдү салыштырмалуу эп көрөсүң. Бирок 10 жылдык деле акчаны асманга сапыруу, ысырапкорчулук деп эсептейм. Анткени 30га чыга элек байке-эжекелерибиз деле ата-энесинин мойнунан жаңы эле түшүп, балдарын тыңдап бага албай жаткан учурда да. Мен сүрөттөп жаткан абалдагы байке-эжекелерибиз өлүп баратса мен жылдыктарга барбайм дебейт. Анткени куру намыс деген бар. Андайда кыргыздардын уяты өлүмдөн да күчтүү болуп калат. Кыскасы элдин катарынан калса адам катарынан да чыгып калчудай кырдаал. Айрымдар 10 жылдык берем деп керек болсо Россияга чейин барып маңдай тер менен тапкан акчасын чачкандан кайра тартпайт. Анткени биздин каныбызда "ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ? ЭЛДЕН КАЛСАК ИТ БОЛОБУЗ, КУШ БОЛОБУЗ" деген стереотиптер катуу иштейт. Ушул эле уяттарыбыз башка учурларда иштебей, негедир шаан-шөкөттөр үчүн кадиксиз иштейт. Шаан-шөкөткө карыз сураганда уят-сыйытты жыйыштырып коебуз.

Кашыктап чогултканды чөмүчтөп чачканды качан токтотобуз?

10 жылдыкка кеткен чыгымдарды силер менден жакшы билсеңер керек. Эки адамдын кийим-кечеси 20 миң, жолуна, баскан турганына, белек-бечкекке, ичкен-жегенине дагы 20 миң кетти деп коелу. Кыскасын айтканда эки адамдын 10 же 20 жылдыкка барып 2-3 күн сайрандап келишине орой айтканда миң доллардай акча кетет экен. Эми адамдардын мүмкүнчүлүгүнө жараша бул цифра дагы да өзгөрөт. Балким мындан кыйла аз же көп болушу мүмкүн. Азыркы орточо айлык менен миң долларды 4 айда араң иштеп тапса болот. Демек эки жаш жашоо агымынан 4 ай артта калды деген сөз. Тагыраагы экөө 2 ай же бирөө 4 ай мойнунан байланган иттей бекер иштейт.

Макул акча деле маанилүү эмес дейли. Кыргыздар "жылда эле 10 жылдык өткөрмөк белек, жашоодо бир эле жолу болот" деп өзүбүздү сооротуп коет эмеспизби. Бирок көпчүлүк эле мугалимин, мектебин сагынып жатканынан барбайт экен. Эгер андай болсо 25-майы жок эле башка күнү деле барат эле го. Болгону табиятыбыздан майрамдарды жандай сүйгөн, той дегенде жантыгыбыздан жата калган калк окшойбузз. Маселенин дагы бир өңүтү бар. 10 жылдыкка баргандардын айрымдары кудум 11ди жаңы бүтүп жаткандай бала кыял бойдон калышат. Эгер 100 грамм сеп этип алса кызганмай, жумурткадан кыр издемей дегендер башталат. Кыскасы 10 жылдыктын эмне менен аяктарын айтып болбойт. Алды өлүмдөргө алып барса, арты ажырашууга чейин барат. Мен жаман жактарын гана санап, элди чочутайын дегеним жок. Болгону көргөн-билген окуяларды жазып жатам. Ылайым эле кырсыгы жок, чер жазган майрамдык маанай менен өтсө кана. Тилекке каршы дайыма эле мен жазгандай боло бербейт да...

Бул менин жеке пикирим. Ар бир адамдын мойнунда башы бар. Бирөөлөргө акыл үйрөткүм да келбейт. Болгону куру намыстын баш жарып жатканына өкүнөм. Колунда барларга шылтоо болсо эле болду, каалашынча майрамдашат. А үйүндө үрүп чыгар ити жоктор аларга теңелебиз деп кашыктап тапканын, чөмүчтөп чачып жатпайбы кашайып. Той да, тойдун эртеси да болот. Анын сыңарындай 10 жылдыктан келгенден кийин карандай чай ичип калбагандай бололу... Мен айтып жаткан жылдыктарга кеткен эсепсиз чыгымдарды максаттуу пайдалансак, 4 ай артка эмес, алдыга жылат элек да...

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223985

 Комментарийлер:
#1 ...
2013-05-15 10:38:18 Цитата / 0 / -

эң туура жазган, мага жакты

#2  
2013-05-15 20:48:00 Цитата / 0 / -

Жылдыктар азайып,алга жылуулар намызы жондон басса жакщы болот эле.

#3 Эрке
2013-05-17 17:31:57 Цитата / 0 / -

Негизи жакшы маселени которуп чыгыпсыздар. 10 жылдык, 5 жылдык дегендер бирок сиздин жазганыныздай жон эле бутуп калбайт ачуу чындыкты айта турган болсок окуткан эжейлер, агайларга белек-бечкек, мектепке баланча класстын бутуруучулорунун атынан баланча деш керек дегендерди жазбай коюпсуз ал дагы бар. анан мугалимдерди алпарып кафеге, ресторанга тосмой анаааан анан озундун классташтарын менен отурасын ошондо силер эсептеген 1000 доллар 2 эсе кобойуп 2000 же андан бир аз ашыгыраак болот. бул эми чыныгы фактылар менен тастыкталган нерселерди жаздым мен деле. жаман корбогуло. бирок чындык да.

#4 нуржан
2013-05-18 12:06:47 Цитата / 0 / -

5-жылдык кылбай эле койгула

#5 тентимиш
2014-11-25 20:48:30 Цитата / 0 / -

5 жыл кылбай 4 жыл кылгыла

#6 Айназик
2016-11-11 18:43:36 Цитата / 0 / -

Эч нерсе кылбагыла проста 20-30 жылдыкты кылгыла всё

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.