Нью-Йоркто кийиз буюмдарынын кыргыз көргөзмөсү ачылды

  15.05.13   09:51
 652

Иш чара Kyrgyz Club кыргыздар бирикмесинин колдоосу менен "Искусство жана кол өнөрчүлүк тармагындагы шериктештик" фонду тарабынан уюшулган.

Көргөзмөнүн ачылышында БУУдагы Кыргызстандын миссиясынын жетекчиси Талайбек Кадыров, Kyrgyz Clubдын негиздөөчүсү Айбек Хакимов жана Искусство жана кол өнөрчүлүк тармагындагы шериктештик" фондунун президенти Зура Расалиевалар сөз сүйлөштү.

Көргөзмөдө кийиз жана териден жасалган: шырдактар, оюнчуктар, аялдын баш кийимдери, шарфтар жана улуттук сувенирлер коюлган. Келген коноктордун басымдуу көпчүлүгү биздин мекендештер эле. Ошондой эле "Казак маданий борборунун" жана "Түркестан-Америка ассоциациясынын" өкүлдөрү келип катышышты. Экспозицияга Түркия делегциясынын курамында Стамбул шаарынын вице-мэри Ахмет Саламет жана ушул өлкөнүн Австриядагы элчиси Мартин Сэждик да келип кетти.

Андан тышкары фольклордук аткаруучулар Марат Абышов жана Улукбек Нусубалиев конокторго улуттук аспаптарда чертип берип, концерт тартуулашты.

Көргөзмөгө келгендерди улуттук плов, самсы тамактары менен тосуп алышты. Аларды жакында эле Нью-Йорк шаарында кафе ачкан биздин мекендеш жасап берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223986

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.