Бишкекте катталган мушташ боюнча тергөөчүлүр ондогон күбөлөрдү суракка алууда

  15.05.13   10:10
 307

Бишкекте катталган массалык мушташка байланыштуу тергөөчүлөр ондогон күбөлөрдү суракка алууда. Бул тууралуу "ВБ"га Кыргызстандын укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.

Тартип сакчыларынын айтымында, массалык чыр-чатак катталаары менен Аламүдүн базарынын жанына ыкчам иликтөө тобу жана Свердлов райондук ИИБнын жеке курамы келишкен.

"Милиция кызматкерелери мушташка активдүү катышкан адамдарды райондук ИИБга алып келип, суракка алып жатат. Ошондой эле күбөлөр дагы келишкен", - деди ыкчам кызматкер.

Эскерте кетсек, бул окуянын күбөлөрүнүн айтуусу боюнча, кара түстөгү "Мерседес" (Мамномуру В 9538 АD) жөө кишини сүзүп кеткен. Айдоочу жана анын жүргүнчүлөрү унаадан түшүп, ал аялды сабай баштаган. Аны көргөн жаш балдар жабыркаганды коргоого алган. Ошентип уруш башталган. Бир аздан кийин ал жерге "Тайота-Серф" үлгүсүндөгү авто келип, эки автонун жүргүнчүлөрү менен кыздын коргоочуларынын урушу улана берген.

"Мерседестин" жүргүнчүлөрү Свердлов райондук ИИБга жашынуу үчүн окуя болгон жерден качып кетишкен. Алардын сазайын берүү үчүн жардамга келген 30-40тай киши "Мерседестин" айнегин жана бамперин талкалап кетишкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223987

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.