"Алиби": Мургаб Кытайга өттүбү?

  15.05.13   11:32
 374

Тажикстандагы жер маселеcи эл аралык чыр-чатакка айланганы турат. Бул коңшу өлкөнүн аймагына Кытай Эл Республикасынын аскерлеринин киргизилиши буга ачык далил деп жазат "Алиби" гезити.

Анткени тажик оппозициясы расмий Пекин Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы жер тилкесине аскердик көзөмөл орнотконун 6-май күнү билдирген болчу. Гезиттин маалыматы боюнча, бул аймакты Тажикстан Кытайга тышкы карызын жоюу үчүн бериптир. Тажик бийлиги Кытайга Мургаб районундагы ондогон га жерлерди кармата бергени болгону менен азыркыга чейин бийлик бул фактыны ачыктабай келет.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусу борбордук бийликтен көз каранды эмес позицияны карманып, баш ийишпейт. Өткөн жылдын жай айларында бул автономияда куралдуу кагылышуусу болуп, тургундардын арасында курман болгондор да болгон. Өздөрүнүн талаа командирлерин өлкө бийлигинин куугунтугунан сактап калыш үчүн Тоолуу Бадахшан эли түп көтөрүлүп чыгышкан. "Эми экспансия Кытай аскерлерин тартуу менен коштоло турган болсо, аймакта кезектеги кандуу кагылышуу орун алары ачык", - дейт "Алиби".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223988

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.