Энергияны үнөмдөө боюнча программаны ишке киргизүүнү сунуш кылышты

  15.05.13   10:30
 288

Республикада так стимул системасы жана жазасы менен энергияны үнөмдөө боюнча улуттук программаларды ишке киргизүү зарыл. Мындай пикиринин "ВБ"га Борбор Азиядагы инфраструктуралык долбоорлор боюнча эксперт Кубат Рахимов билдирди.

Ал азыркы учурда Кыргызстандагы 90 пайыз энергия гидроэлектрстанцияларында, ал эми калган 10 пайызы жылуулук станцияларында, негизинен Бишкек жылуулук берүү борборунда иштелип чыгаарын айтты.

"Азыр электр энергиясынын альтернативалуу булактарына өтүү жөнүндө көп айтып жатышат. Эгерде, мисалы, Кара-Кече көмүр станциясын куруу долбоорун карай турган болсок, анын баасы тууралуу суроо келип чыгат, анткени жылуулук станцияларында энергия кымбат турат. Эгерде энергиянын жаңыланып туруучу булактары жөнүндө айтсак, бул абдан эле кымбат нерсе. Альтернативдүү булактар шексиз түрдө жакшы деңизчи, бирок азырынча ал "классикалык" энергияны сүрүп чыгыш үчүн кеңири колдонулбайт. Ошондуктан Кыргызстан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануусу керек, бизди күн, же шамал же болбосо биогаз энергиясы сактап калбайт",- деп эсептейт Рахимов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223989

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.