Депутаттар "Кыргыз мунай газды" текшериш үчүн комиссия түздү

  15.05.13   10:31
 297

Парламентте "Кыргыз мунай газ" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим кечээ, 14-майда, отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү боюнча комитеттин жыйынында кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө комитет төрагасы - "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев билдиргендей, комиссия мунай компаниясындагы уурулук иштери тууралуу маалыматты иликтөөгө тийиш. "Комиссия компаниядагы чыныгы жагдайды жеринде текшериши керек",-деп белгиледи ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223990

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.