Афганистанда туткунга алынган Нургазы Конушбеков жакында бошотулушу мүмкүн

  15.05.13   10:41
 291

Афганистанда туткунга алынган Кыргызстандын жараны Нургазы Конушбеков жакында бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу "ВБ"га 14-майда Конушбековдин иниси менен келини Автандил жана Наргиза Кубанычбековдор билдирген.

Алардын айтымында, Кыргыстандын, Россиянын, Казакстандын жана Украинанын элчиликтери Нургазы Конушбековди жана Ми-8 тик учагынын экипажын бошотуп алуу боюнча талибтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, 21-апрель күнү кечинде Афганистандын чыгышындагы Логар провинциясынын Азра уездинде "Хорасан Карго Эйрлайнс" афган авиакомпаниясына таандык болгон Ми-8 тик учагы конууга аргасыз болгон. Талибдер 10го жакын адамды барымтага алышкан жана алардын арасында Түркия, Россия, Афганистандын атуулдары менен бирге 1966-жылы туулган Кыргызстандын жараны Нургазы Конушбеков да болгон.

Президенти Алмазбек Атамбаев ТИМ менен УКМКга Афганистанда туткунга алынгандарды бошотуу үчүн бардык күч аракеттерди жумшоо тапшырмасын берген.

Ошондой эле 23-апрелде "Талибан" радикалдык кыймылынын өкүлү туткундар боевиктердин лагерине жеткирилгендигин жана алардын тагдырын кыймылдын жетекчилиги чече тургандыгын айткан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223991

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.