МСК салык төлөөчүлөр үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрөт

  15.05.13   10:42
 315

16-майда Мамлекеттик салык кызматы (МСК) салык төлөөчүлөр, студенттер жана ЖМКнын өкүлдөрү үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрөт. Бул тууралуу МКСтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ачык эшиктер күнүндө калктын салык кызматынын ишмердиги жөнүндө маалыматын жогорулатуу, жарандарды салык жана жыйым төлөө милдеттерин таза аткарууга түрткү бериш максатында иш-чаралар компексин жүргүзүү каралган.

Салык кызматынын адистери МСК тарабынан калкка сунушталган тейлөөлөр- Call-борбору, Бирдиктүү терезе, веб-сайт жана башкалар туурасында кеңири айтып беришет, салык төлөө маселелери боюнча лекция окушат, салык боюнча ар кандай суроолорго жооп беришет.

Бир апта бою буга окшогон иш-чаралар өлкөнүн баардык салык органдарында өткөрүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223992

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.