Жантөрө Сатыбалдиев беш энергетикалык долбоордун аткарылышы тууралуу айтты

  15.05.13   10:44
 274

Кечээ, 14-майда, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев кеңештин мүчөлөрүнө энергетика жаатындагы улуттук долбоорлордун аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы беш долбоордун: Датка - Кемин электр берүү линиялары, Датка 500 кВ подстанциясынын курулушу, Жогорку Нарын каскады ГЭСи, Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кара-Кече ТЭЦи тууралуу токтолду.

"Датка – Кемин электр берүү линиялары жана Кемин подстанциясы боюнча азыркы учурда трассада "ТВЕА" долбоорлоо компаниясынын адистери иштеп жатат. Долбоорлоо иштери аягына чыкты, алдын ала чиймелер, трассанын планы макуладашылды",-деп маалымат берди Сатыбалдиев.

Ал эми экинчи Датка 500 кВ подстанциясы долбоору боюнча негизги иштер аяктады азыр курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ушул жылдын май айынын соңунда өкмөт башчынын айтымында, аталган подстанция ишке берилет.

Жогорку Нарын каскады ГЭСи, Камбар-Ата-1 ГЭСтеринин курулушу 2013-жылдын экинчи жарымында башталмакчы.

Мындан тышкары Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу долбоору боюнча техникалык иштер жасалууда. Инвесторлорду издөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223994

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.