Биринчи Май райондук сотунда Пайзулла Рахмановдун иши каралууда

  15.05.13   10:45
 314

Бүгүн, 15-майда, Биринчи Май райондук сотунда судья Абдразак Боромбаевдин төрагалыгы астында Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири Пайзулла Рахмановдун иши каралууда.

Жабырланган тарап сотко келген жок. Бул маселени прокурор алардын Жалал-Абад облусунда жашай тургандыгы менен түшүндүрдү.

Рахманов 2012-жылдын 15-июнунан бери камакта отургандыгын айтып, ага тагылып жаткан айыптарды мойнуна албай тургандыгын маалымдады.

Эскерте кетсек, Рахмановго "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган", "Кызматтык наамды же бийликти өзүнө-өзү ыйгарып алган", "Массалык баш аламандыкты уюштурууга катышкан", "Бийлик өкүлдөрүнө кысым көрсөткөн" деген беренелердин негизинде иш козголгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223995

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.