Парламентте расмий түрдө 3 депутаттык топ түзүлдү

  15.05.13   11:13
 303

Бүгүн,15-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында фракциялардан чыгып кеткен эл өкүлдөрүнөн түзүлгөн 3 депутаттык топ өздөрүн расмий түрдө тааныштырышты.

Мурдагы республикачылар Бакыт Төрөбаев башында турган Тынчтык Шайназаров жана Абдуллатип Режевалиев "Өнүгүү" тобун түзүштү.

Ошондой эле "Республика" фракциясынан чыгып кеткен дагы бир депутат Канатбек Исаев "Бирдиктүү ынтымак" тобун түзгөндүгүн айтты. Анын курамында "Республиканын" мурдагы мүчөлөрү Шаршенбек Абдыкеримов жана Эльмира Жумалиевадан тышкары, башка оппозициячыл фракциянын мүчөсү Бахадыр Сулейманов ("Ата-Журт") киргендигин айтты.

"Ата-Журт" фракциясынан депутаттар Хаджимурат Коркмазов, Роман Шин жана Нарынбек Молдобаев биригип "Реформа үчүн" тобун түзүшкөндүгү маалым болду.

Эскерте кетсек, депутаттардын фракциялардан чыгып, топ түзүүсүнө байланыштуу мыйзамдын долбоорун эл өкүлү Хаджимурат Коркмазов демилгелеп чыккан. Аталган мыйзамга президент кол койгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223999

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.