Бишкектен электрошокердин жардамы менен 30 жаштагы аялды тоноп кетишкен

  15.05.13   11:33
 321

Бишкектен электрошокердин жардамы менен 30 жаштагы аялды тоноп кетишкен. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун тургунуна түн ичинде Бейшеналиева жана Рыскулов көчөлөрүнүн кезилишинен белгисиз бирөөлөр кол салышкан. Электрошокерди колдонуу менен алар аялдын акчасын, уюлдук телефонун жана жеке буюмдарын алып кетишкен.

Кылмышка шектүү деп Ленин районунун ИИБнын кызматкерлери 20 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургунун колго түшүрүштү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224005

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.