Пайзулла Рахманов: Мен убактылуу өкмөттү мыйзамдуу деп тааныган эмесмин

  15.05.13   11:40
 324

"Мен убактылуу өкмөттү мыйзамдуу деп тааныган эмесмин жана алар бийликти мыйзамсыз басып алышкан". Мындай пикирин бүгүн, 15-майда Биринчи Май райондук сотунда Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири Пайзулла Рахманова билдирди.

Ал 2010-жылы апрель окуясы учурунда Россияда болгондугун айтты. "Мен Россиядан 18-апрелде келдим жана атам менен жолугуу үчүн Жалал-Абадка бардым", - деди Рахманов.

Анын айтымында, Рахманов обладминистрациянын имаратына байкоосуздан эле барып калган. "Тергөө иштеринде мени 1000 адамды чогултуп, митинг уюштурган деп айыптап жатышат. Ал жакта 7-апрелден бери губернаторлук орун үчүн күрөш жүрүп жаткан. Мен ар кандай чыр-чатактын жана баш аламандыктын чыгып кетүүсүн алдын-алдым деп ойлойм", - деп кошумчалары ал.

Эскерте кетсек, Рахмановго "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган", "Кызматтык наамды же бийликти өзүнө-өзү ыйгарып алган", "Массалык баш аламандыкты уюштурууга катышкан", "Бийлик өкүлдөрүнө кысым көрсөткөн" деген беренелердин негизинде иш козголгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224007

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.