Туман Жумабаев, сүрөтчү: Гүлдүн сулуулугунда бир кайгы турат

  15.05.13   11:49
 565

Азыр Россиянын улам бир шааларында жеке көргөзмөлөрүн тартуулап, айрыкча Санк-Петербург шаарына аттын кашкасындай таанымал болуп, керемет картиналары менен суктандырган мекендешибиз, питерлик кыргыз сүрөтчү Туман Жумабаев тууралуу азыноолак сөз кылгыбыз келди.

Сүрөтчүнүн өмүр баяны

Сүрөтчү Туман Жумабаев биздин ала-тоонун, кыргыздын кулуну. Ал 1962-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын атасы сүрөт тарткан, сүрөткө кызыккан адам болот. Биринен тарта бири жетилген уулдарына сүрөт дүйнөсүн, живопись эмне экенин тааныштырган ата жолун улап, Туман 1980-жылы Ленинград шаарына келет. Алгач Захар Мишевскийдин изо студиясынан сабак алган Туман бир жылдан соң Серов атындагы сүрөтчүлөр училищасына тапшырат. Андан соң И.Е.Репин атындагы сүрөтчүлөр академиясына өтүп, профессор Юрий Непринцевден сабак алат.

Туман Жумабаевдин алгачкы көргөзмөсү 1996-жылы Австрадиягы галереяда өткөрүлөт. Ошондон тарта ар жыл сайын Россиянын Москва, Петербург, Самара шаарларында, Австрия, Вьетнам, Иран, Кытай өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет. Азыр ал Санкт-Петербургдагы сүрөтчүлөр союзунун, АКШдагы портретчилер ассоциясынын мүчөсү. "Маковая прерия" конкурсунун эки жолку лауреаты. Анын сүрөттөрү Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде, Россиянын Самара областындагы жана Иран өлкөсүндөгү искусство музейлерине коюлган.

2004-жылы Олег Теняев, Владиир Кожевников үчөө "Аргонавтар" деген ысым коюп, топ түзүп чыгармачылык байланыштарын ого бетер жакындатып, бирге иштеше башташат. "Аргонавтардын жолу" аттуу алгачкы көргөзмөлөрү Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт.

Алгач айылдан дароо эле чоң шаарга келген чоң максаттуу жаш улан орус тилин билбегени үчүн бир топ эле кыйналат. Шаардын бир тарабынан бир тарабына баруу үчүн билгендерге кагазга жаздырып алып таксистерге берген күндөрү да болот.

А айылда тарых сабагынын мугалими, сүрөт тартууну ушунчалык жактырган атасы жана 9 бир тууганы калат. Ошентип эч тил билбей чоң шаарга келген Туман азыр үч тилде ойлонот. Ал ойлонгон тилдер кыргыз, орус жана англис тилдери. "Ойлор кээде дароо эле үч тилде тең жаралат" деген сүрөтчүнүн айтканы бар.

Аргонавтар

Үч адамдан түзүлгөн "Аргонавтар" уюму үчөө бир группада окуган курсташтар. Сүрөт тартуу стилдери кандайдыр бир үчөөн байланыштырып тургансыйт. Үчөө тең гүлдөрдү, деңиз көрүнүшүн жакшы көрүп тартышат. Санк-Петербургда эч ким кымбат баада сүрөт сатып ала элегинде 7миңден 1000 миң долларга чейин картиналарынын баасын көтөрүшөт. Алгач эч бир сүрөт өтпөй Санкт-Петербургдук сүрөтчүлөрдүн жини келет. Узак убакытка акча жетишпестигинен кыйналышат. Алгачкылардан болуп коллекционер Семен Гуревич биринчи картинаны сатып алат. Анан башкасы келет. Узак убакытка көгөрүү сүрөтчүлөрдүн пайдасына чечилет. Алардын мээнети жакшы баалана баштайт.

Гүлдөр сериясы

Туман өз тууралуу айтканда "Мен гүлдөрдү жактырам. Айрыкча эң жөнөкөй талаа гүлдөрүн. Алгач мекенимден Ленинград шаарына келгенде Ленинграддык сулуу кыздарга белекке гүл бергим келчү. Кээде ал белегим тартуулай албай өзүмдө калчу. Гүлдөрдү бөлмөмө алып келип вазага салып койчумун. Анан ал гүлдөрдүн сүрөтүн тарта баштачумун. Гүл дагы сенин кан жаныңдан жаралган балаң сымал сенин көз алдыңда бүрүн ачат. Анан буркурап жыпар жытын чачат. Мен бөлмөдөгү гүлдөрдүн узака турганын жактырам. Тез тез суусун алмаштырам. Гүлдүн сулуулугунда дайыма бир кайгы турат. Мен тарткан гүлдөр сериясында Ромашка, жасмин, кызыл мандалактар, сиреньдер, жапайы розалар бар.

Бактылуу үй-бүлө

Туман Жумабаевдин жубайы Жанна да сүрөтчү айым. Исал, Илар жана Жан аттуу үч уулдун атасы. Сүрөтчү шаар четиндеги дачасына келгенде 33үч жыл мурун алыска калтырган ала-тоосун, бала кезин эскерет. "Мен бала кезде бактылуу күндөр өткөнүн элес албапмын. Ал кезде тез эле чоңойуп шаарга кетким келчү. Дачадагы жашоом ошол менин алыста калагн балалыгым эске салат. Асман менен жер менен жакын болом. Жарык дүйнөнү, гармонияны сезем. Мындан өткөн барбы"дейт.

Диалог

Улам жаш өткөн сайын өзгөрөсүң. Башка адамга айлана баштайсың. Алгач мугалимдин тапшырмасын аткарууну, картиналарыңды кантип сатуу жолдорун ойлонсоң, кийин өзүң менен өзүңдүн ортоңдо диалог жүрө баштайт. Ички дүйнөңө сүңгүйсүң. Ички дүйнөң менен сүйлөшөсүң. Искусствонун бүгүнкү абалы ойлондурат. Адамдардын искусствого кызыкпай баратканы. Жан-дүйнөлөрдүн, көкүрөктөрдүн жакырданганы, жан-дүйнөсү бош адамдар, муундар ойлондурат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224008

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.