Түркиянын Atlas Jet компаниясы менен биргелешкен авиакомпания түзүлөт

  15.05.13   11:57
 335

9-майда Стамбулда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Atlas Jet компаниясынын ээси жана президенти Мурат Эрсой жана компаниянын башкы директору Сами Алан менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушуу жыл сайын болчу Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын башкаруучулар кеңешинин алкагында өттү.

Эрсой Atlas Jet компаниясынын Кыргызстандын рыногуна кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар аба жүктөрүн ташуу боюнча ири компаниянын түзүү тууралуу макулдашты. Жаңы авиакомпания Бишкектен ар түрдүү эл аралык багыттар боюнча аба каттамдарын ишке ашырмакчы.

Белгилей кетсек, Atlasjet Havacılık A.Ş. түрк компаниясы Стамбулда жайгашкан жана Европанын мамлекеттерине, Казакстан, Ирак менен Иранга, ошондой эле Түркиянын ички каттамдарына учууну ишке ашырат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224009

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.