Эксперт: Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде баалар кымбаттайт

  15.05.13   12:25
 299

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде импорт сезилерлик азаят жана керектөө товарларына карата баа кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда, Эркин рынок борбор азиялык институтунун талдоочусу Эсен Жуманов билдирди.

Анын айтымында, ар түрдүү бааларга таянсак, керектөө товарларынын баасынын кымбатташы 50дөн 100 пайызга чейин жогорулашы ыктымал. Мындан тышкары импорттун үлүшү экспорттун үлүшүнөн көп болгондуктан талдоочу "Бажы биримдигине киргенде Кыргызстандын экспорттук потенциалынын өсүшү мүмкүн" деген прогнозду жаңылыштык деп белгилейт.

"Кыргызстандын экономикасы менен Бажы биримдигинин участокторунун ортосунда чоң айырма бар. Демек пайданы ири мамлекеттер көрөт",- дейт Жуманов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224011

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.