ШИИБ: Массалык мушташтын келип чыгуусуна мас аял себеп болгон

Аламүдүн базарынын жанында массалык мушташтын келип чыгуусуна мас аял себеп болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти
  15.05.13   12:37
 401

Маалыматка ылайык, 14-майда саат 22:36да Бишкек шаардык ИИБга Жибек Жолу проспектинде, Аламүдүн базарынын бет маңдайында массалык мушташ тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Иликтөө ишинин жыйынтыгынын натыйжасында 24 жаштагы аял башкарып келе жаткан "Тойота" автоунаасы 64 жаштагы Чүй облусунун тургуну башкарып келе жаткан "Мерседес-Бенц" автоунаасынын артынан келе жатып сүзүп алган. Соккудан улам "Мерседес" четке чыгып кеткен жана жолду кесип өтүп бара жаткан 22 жаштагы кызды сүзгөн.

Жабырланган адам оорукагана жеткирилип, ага булчуң эттери чоюлуп кеткен жана бутунан жеңил жаракат алган деген диагноз коюлган.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин окуя болгон жерге жол кырсыгына күнөөлүү болгон аялдын 25 жаштагы байкеси келип, анын башка машинага отуруусун өтүнгөн. Күбө мас абалындагы аял кыйкырып, уруш чыгаруу аркетин көргөндүгүн айткан. Ал ары-бери өткөндөрдөн кыйкырып жардам сурай баштаган. Бул убакта жол кырсыгы катталган жерге 50-55тей адам чогулуп калган.

Кырсыкка кабылгандар автоунаага отуруп кетүү камын көрүп жатканда, чогулгандар алардын жолун тосуп, автоунааларын тепкилей башташкан. "Мерседес" чогулгандардын арасынан чыгуу аркетин көрөгөндө айрым адамдар аны таш менен койгулап, жанындагы "Тойотаны" талкалап, андан соң аны көңтөрүп салышкан. Анын ичинде отурган айдоочу жана жүргүнчүлөр жабыр тартышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224012

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.