Кыргызстан АКШдан Максим Бакиевдин ишинин токтотулганына түшүндүрмө сурады

Кыргызстан тарап жагдайды көбүрөөк тактап берүүнү өтүндү, бирок азырынча жооп келе элек.
  15.05.13   12:46
 274

Кыргызстан АКШнын юстиция министрлигинен Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар борбордук агенттигинин мурдагы башчысы Максим Бакиевге карата кылмыш ишинин токтотулганына байланыштуу кеңири түшүндүрмө берүүнү өтүндү. Бул тууралуу бүгүн 15-майда КРдин тышкы иштер министрлигинде болгон басмасөз турунун маалында батыш өлкөлөр департаментинин директору Данияр Мукашев "ВБ"нын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"АКШнын юстиция министрлиги Бакиевге карата кылмыш иши жетишерлик далилдүү база жоктугунан токтотулганын маалымдады. Кыргызстан тарап көбүрөөк так маалымат берүүнү өтүндү, бирок азырынча биз жооп ала элекпиз",- деп тактады ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224013

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.