Кыргызстан ТЖБны 2014-жылга чейин чыгарууга АКШга нота жөнөтүшү керек

  15.05.13   12:51
 302

"Кыргызстан менен АКШ 2014-жылдын январь айына чейин "Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борборун (ТЖБ) жайгаштыруу боюнча бири-бирине нота жөнөтүүлөрү зарыл",- деп билдирди бүгүн, 15-майда, КРдин тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин башчысы Эмил Кайкиев.

Анын айтымында, буга чейин Америка менен аскер объектилери тууралуу эки келишим түзүлгөн: биринчиси 2009-жылы 11-июлда, экинчиси 2009-жылы 13-июлда күчүнө кирген.

"Биз 11-июлдан 180 күндү алып салганда, бул 2014-жылдын январь айы болуп калат. Аталган мөөнөткө чейин биз америкалык тарапка эскертишибиз керек",- деп түшүндүрдү Кайкиев.

Ал ошондой эле бири-бирине нота жөнөтүүдө документ парламентте ратификациядан өтүш керек экенин кошумчалады.

"Азыркы учурда ТЖБны Кыргызстандын аймагынан чыгаруу жөнүндө келишим Тышкы иштер министрлигине иштелип жатат",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224015

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.