Пайзулла Рахмановду абактан чыгарууну суранышууда

  15.05.13   13:16
 235

Бүгүн, 15-майда, Биринчи Май райондук сотунда Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири Пайзулла Рахмановдун адвокаты Бакир Кулдушев айыпталуучунун баш коргоо чарасын эркинен ажыратуудан башка чарага өзгөртүү сунушу менен өтүнүч катын жолдоду.

Төрагалык кылуучу судья Абдразак Боромбаев, өтүнүч каттын жообун аны менен толук таанышып чыккандан кийин, эмки отурумда бере тургандыгын билдирди.

Адвокаттын айтымында, айрым эпизоттордун мөөнөтү өтүп кеткен жана айыпталуучу инсульт болуу коркунучунда турат.

"Мен өзүм Казакстандан келип, качкын статусунан баш тарткам. Менин жүрөк оорум бар. Ошондой эле атамдын жылдыгын өткөрүүнү пландап жаттым эле", - деди Рахманов.

Мамлекеттик айыптоочулар өтүнүч каттын канааттандырылышына каршы чыгышты жана аны абакта кармоо сунушун айтышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224017

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.