Шахмат: Соломко окуучулар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта бешинчиликке жетти

  15.05.13   13:21
 245

Кыргызстандан жаш шахматчы Артур Соломко Грециянын Халдики шаарында өтүп, 14-майда жыйынтыкталган мектеп окуучулары арасындагы шахмат турниринде бешинчиликке татыктуу болду.

Мелдештин расмий сайтынын билдиришинче Соломко 7 жашка чейинки категорияда ойноп, тогуз турдун жыйынтыгы менен 6,5 упай топтогон. Ошол эле жаш категориясында Элдияр Орозбаев мүмкүн болгон тогуз упайдан алтоосун чогултуп алтынчы орунга илинген.

Соломко жана Орозбаев менен бирге 48 катышуучунун ичинен 44 орунда Атай Алыбаев болду.

Эске салсак, жети турдун жыйынтыгында Соломко 11-орунда жана Орозбаев экинчи орунда келе жатышкан. Бирок, акыркы эки турда Соломко эки ирет ийгиликке жетишсе, Орозбаев бир ойунун чемпионаттын лидери монголиялык Тугстумур Есунтумурга жана кийинкисин азербайжандык Умид Аслановго уттуруп ийип, алтынчы орунга түшүп калган.

Андан тышкары 15 жашка чейинки категорияда кыргызстандык Айдар Кененбаев 37 катышуучунун ичинен 26 орунда болгон.

Кыздар арасындагы мелдеште Мирлан кызы Азалия 23-, Дарья Ли 17-, Элина Самутдин 9-, Диана Өмүрбекова 22-орундарды ээлешкен.

Чемпионатка 550 шахматчылар катышып, анда Кыргызстандын атынан сегиз спортчу чыгышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224018

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.