Кыргызстандык теннисчи Дулдаев Казакстанда өтүп жаткан Futures турниринен чыкты

  15.05.13   13:37
 256

Казакстандын Алматы шаарында 13-майда старт алган Futures эл аралык турниринен кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев чыгып калды.

Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайтынын билдиришине караганда, Дулдаев турнирдин негизги сеткасынан старт алып, өзүнүн старттык матчын Литвалык Лукас Мугевичуска уттурган. Матч 1:6, 2:6 эсеби менен жыйынтыкталган.

Жуп оюндарында Дулдаев россиялык Александр Джубрин менен чыгып, Лукас Мугевичус – Рональд Слободчиков дуэтине 7:5, 2:6 эсеби менен жеңилишти.

Натыйжасында Дулдаев турнирдеги оюндарын соңуна чыгарды. Жалпы байге фонду 10 миң доллар болгон мелдеш 19-майда аяктайт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224020

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.