Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен келет

  15.05.13   13:45
 272

Жакын арада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жумушчу сапар менен келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда, тышкы иштер министрлигинде болгон басма сөз турунун маалында КМШ департаментинин директору Эрик Бейшембиев билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын башчысынын Кыргызстанга жасаган иш сапарында беш келишимге кол коюлмакчы.

"Эмомали Рахмондун Бишкекке жасай турган иш сапарына чейин кыргыз-тажик мамлекеттер аралык өкмөттүк комиссия Дүйшөмбүдө аталган келишимдерди талкуулайт", -деп белгиледи Бейшембиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224021

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.