Кыргызстан 3 эл аралык уюмда добуш берүү укугунан ажырады

Кыргызстандын эл аралык уюмдарга мүчө катары взнос үчүн төлөнүүчү карызы 1 млрд сомга жеткен.
  15.05.13   13:52
 344

Бул тууралуу бүгүн, 15-майда, ТИМ уюштурган пресс-тур учурунда Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору Улан Жусупов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан мүчө болгон айрым бүткүл дүйнөлүк уюмдарга взносту өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 3 эл аралык уюмда добуш берүү укугунан ажыратылды.

"Кыргызстан 100дөн ашык эл аралык уюмдарга мүчө жана жыл сайын төлөп туруучу взнос 200 млн сомду түзөт. Эгерде мамлекет эл аралык уюмга мүчө болуп туруп, 3 жыл удаа взнос төлбөсө добуш берүү укугунун ажыратылат. Учурда Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо, Бүткүл дүйнөлүк эмгек жана Бүткүл дүйнөлүк жарандык авиация уюмдарында добуш берүү укутарынан ажыратылды", - дейт Жусупов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224022

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.