Парламент Конституциялык палатанын төрт судьясын бекитти

  15.05.13   14:08
 288

Бүгүн, 15-майда, парламент жыйынында депутаттар Кыргызстандын Конституциялык палатасынын алты талапкеринин төртөөнү бекитти. Добуш берүү жашыруун өттү.

Чынара Айдарбековга 54 депутат макул деп добуш берсе, каршы 34 добуш беришкен. Жумадил Макешевге – 53 макул, каршы – 34, Айсалкын Нарынбековага – 76 макул, каршы – 18, Чолпон Осмоновага 65 парламентарий макул деген добуш берип, 29у каршы болгон. Жедигер Саалаевди 47 депутат эле колдоду. Ушундай эле добушту Нурлан Садыков алып, алар Конституциялык палатанын судьялыгына өтүшкөн жок.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар Конституциялык палатанын судьясы кызматына төрт адамды бекиткен. Бирок азырынча алар өз милдеттерине кирише элек, анткени кворум эң аз дегенде тогуз адамдан турууга тийиш.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224025

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.