Дарья Таланова сууда сүзүү боюнча Казакстандын чемпионатында үч алтын байге алды

  15.05.13   14:12
 284

Кыргызстандык сүзүүчү Дарья Таланова Казакстандык жайкы чемпионатында үч алтын байге утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынын генералдык катчысы Тамара Петрашова билдирди.

Анын билдиришинче, Таланова өзүнүн акыркы алтын медалын 200 метр дистанцияны брасс менен 2 мүнөт 39, 82 секундда өтүп жеңген.

Андан мурунку эки алтын байгелерин 50 жана 100 метр аралыкты кыска убакытта сүзүп өтүп, ошону менен бирге Кыргызстандын рекордун жаңырткан. Ал 10 жылдан берүү өзгөрүүсүз турган рекордду жаңыдан койду.

Андан тышкары Кирил Вайс алтын менен коло жана Александр Слепченко алтын менен күмүш болуп экиден медаль тагынышты.

Жаш сүзүүчү Султан Букеев да кур келбей 200 м дистанцияда комплекстүү сүзүү түрүндө күмүш менен кайтты.

"Тилекке каршы Лондон Олимп оюндарынын катышуучусу Дмитрий Александров бул мелдеште ийгилик жарата алган жок. Ал ар түрлүү дистанцияларда болгон 5-, 6-, жана 8- орундарга гана илинип жатты", - деди Петрашова.

Темиртауда өткөн Казакстандын чемпионатынын жыйынтыгында кыргызстандыктар беш алтын, эки күмүш жана бир коло медалдарын алып кетишти. "Эгер бул мелдеште Казакстандын эң мыкты делген 16 сууда сүзүүчүсү катышкандыгын эске ала турган болсок, бул биздин команда үчүн чоң ийгилик", - деп Петрашова белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224027

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.