Өнөр жай министрлиги текстиль тармагына инвесторлорду издеп жатат

  15.05.13   14:39
 280

Энергетика жана өнөр жай министрлиги Түштүк Кореядагы, Түркиядагы жана Кытайдагы мүмкүн болуучу инвесторлор менен Кыргызстанга биргелешкен жеңил өнөр жай ишканаларын куруу, ошондой эле тармакка түз инвестиция тартып келиш максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу "ВБ"га ведомствонун орун басары Сапарбек Асанов билдирди.

Анын айтымында, азыр Кыргызстанда абдан актуалдуу болуп жатканына байланыштуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүш керек. Мисалы, 2012-жылдын жыйынтыгында тигүү жана текстиль тармагынын жалпы өндүрүш көлөмү 9 млрд 252 млн сомду түзгөн. Алардын ичинен 8 млрд сом тигүү продукциясы тарабынан өндүрүлгөн.

Өзүбүздүн текстиль продукциясын өнүктүрүүгө Кыргызстанда өстүрүлгөн, жыл сайын 25 миң тонна алынган пахтанын жана 10 миң тоннаны түзгөн жүн көлөмү мүмкүндүк берет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224029

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.