ТИМ: Туткунга алынган кыргыз учкучунун тагдыры саясий деңгээлде чечилип жатат

  15.05.13   14:42
 306

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги аскер учкучу Нургазы Конушбековди бошотуп алуу үчүн Ооганстандагы талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда. өткөн пресс-тур учурунда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн чыгыш мамлекеттер департаментинин башчысы Авазбек Атаханов билдирди.

"Бул маселени чечүү саясий деңгээлде каралып жатат. Учурда анын боштондугу үчүн болгон дипломатиялык аракеттер жасалууда", - деди ал.

Атаханов Конушбеков менен бирге туткунга түшкөн Турциянын 4 жараны бошотулгандыгын айтты.

Эскерте кетсек, 21-апрель күнү кечинде Ооганстандын чыгышындагы Логар провинциясынын Азра уездинде "Хорасан Карго Эйрлайнс" ооган авиакомпаниясына таандык болгон Ми-8 тик учагы конууга аргасыз болгон. Талибдер 10го жакын адамды барымтага алышкан жана алардын арасында Түркия, Россия, Ооганстандын атуулдары менен бирге 1966-жылы туулган Кыргызстандын жараны Нургазы Конушбеков да болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224030

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.