Кыргыз тилинде китеп чыгаргандар дагы кыргыз тилин үйрөнүп жатат

  15.05.13   14:43
 262

Өкмөттүн аппаратынын башчысынын орун басары дагы кыргыз тилин үйрөнүү сабагына барып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда, журналисттер менен жолугушууда Каданбай Бактыгулов өзү билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тилин эркин сүйлөгөнүнө карабай, анын айрым эрежелерин "бир аз унутуп" калган.

"Мен кыргыз тилинде чыгарылган бир нече китептин автору болгонума карабай, анын грамматикасынын айрым эрежелерин унута түшүптүрмүн. Албетте, убакыттын тартыштыгынан дайыма эле бул курстарга катыша албай калып жатам. Ошондой болсо да окутуучулар мага башка кызматкерлер менен бирдей эле аткара турган айрым тапшырмаларды берүүдө. Мага биздин кызматкерлер келгенде биз кыргыз тилинде сүйлөшүүгө аракет кылып жатабыз",- дейт Бактыгулов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224031

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.